2026-05-18 09:56:57 450
ОшМУнун МФТИТ институтунун Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башкы илимий кызматкери, тех.и.д., профессор Жусубалиев Ж.Т., ф.-м.и.к., доцент Пирматов А.З. жана кафедра башчысы, тех.и.к., доцент Жолдошов Т.М. 2026-жылдын 15-16- май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент мамлекеттик транспорттук университетинде атайын иш сапарда болуп келишти. Иш сапардын жүрүшүндө: - курулуш жана архитектура адистиктеринде окуган стденттердин эмгектеринин жарманкесине күбө болушту; - жогорку математика кафедрасынын эмгек жамааты менен жолугушуп, пикир алышты; - университетке экскурция уюштурулуп, материалдык-техникалык базасы, студенттик жатаканалары, спорт комплекси менен таанышты; - колдонмо математика адистигинин окуу программасы менен таанышып, кош дипломдук, мобилдүүлүк пландары таалкууланды; - илимий кызматташтык: биргелешип илимий кадр даярдоо; биргелешкен илимий макалаларды Scopus базасындагы журналдарга жарыялоо; илимий проектерге, гранттарга биргелешип катышуу; биргелешкен илимий лаборатория ачуу пландарын талкуулашты.