2026-10-16 07:26:08 372
ОшМУнун МФТИТ институтунун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын илимий кызматкери, ф.-м.и.д., профессор Юлдашев Турсун Камалдиновичке университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2026-жылдагы чечими менен «ОшМУнун Ардактуу профессору» ардак наамы ыйгарылды. Бул окумуштуунун көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердигине, илимий кадрларды даярдоого кошкон салымына жана эл аралык жетишкендиктерине берилген жогорку баа. Профессор Т.К. Юлдашев 2025-жылы Стэнфорд университети жана Elsevier (Scopus) жарыялаган маалыматтар боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 2% окумуштуулардын катарына кирген. Бүгүнкү күнгө чейин 500дөн ашык илимий жана илимий-методикалык эмгектерин жарыялап, докторанттарга, PhD докторанттарга жана магистранттарга илимий жетекчилик кылып келет. Ошондой эле «Journal of Osh State University. Differential Equations» илимий журналынын башкы редактору катары университеттин илимий-басма ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө салым кошууда. Профессор Турсун Камалдиновичти ардактуу наамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бекем ден соолук, узун өмүр жана илимий-педагогикалык ишмердигине жаңы ийгиликтерди каалайбыз!