Партнеры

Эл аралык окумуштуулар ОшМУда!

2026-11-06 08:56:33 17

2026-жылдын 28-сентябрынан 6-октябрына чейин ОшМУнун МФТИТ институтунда Германия жана Индиядан келген профессорлордун катышуусунда илимий-академиялык жолугушуулар, лекциялар жана илимий семинарлар өткөрүлүүдө. Илимий-академиялык программанын алкагында МФТИТ институтунун Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн (КМИГД) кафедрасында Германиядан келген профессор В. Аврутин жана Индиядан келген профессор С. Банерджи менен илимий жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, докторанттар, магистранттар, студенттер жана жаш окумуштуулар менен илимий-изилдөө иштеринин актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Талкуунун жүрүшүндө математикалык жана маалыматтык технологиялар багытындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү, илимий макалаларды эл аралык рецензиялануучу басылмаларда жарыялоо жана академиялык кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эл аралык окумуштуулардын катышуусундагы мындай илимий жолугушуулар илимий тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, изилдөөчүлөрдүн ортосунда кесиптик байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Ошону менен катар студенттердин, магистранттардын, докторанттардын жана жаш окумуштуулардын эл аралык илимий чөйрө менен түздөн-түз байланыш түзүүсүнө шарт түзүлөт. Илимий-академиялык программанын негизги багыттары: • биргелешкен илимий-изилдөө иштерин (НИР) жүргүзүү; • актуалдуу илимий багыттар боюнча биргелешкен изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу; • Q1–Q2 квартилдеги эл аралык илимий журналдарда биргелешкен илимий макалаларды даярдоо жана жарыялоо; • профессордук-окутуучулук курам, жаш окумуштуулар, докторанттар, магистранттар жана студенттер менен илимий талкууларды жана тематикалык жолугушууларды өткөрүү; • студенттер үчүн конок лекцияларды уюштуруу; • эл аралык илимий журналдарга макала даярдоонун методологиясы жана илимий эмгектерди жарыялоого коюлган талаптар боюнча семинарларды өткөрүү; • докторанттар, магистранттар жана студенттерди биргелешкен илимий изилдөөлөргө тартуу; • академиялык мобилдүүлүк жана илимий стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо; • эл аралык биргелешкен илимий долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо. Программанын маанилүү багыттарынын бири — жаш изилдөөчүлөрдүн илимий компетенцияларын өнүктүрүү. Бул багытта изилдөөнүн заманбап методологиялары, илимий натыйжаларды талдоо жана системалаштыруу, эл аралык илимий журналдардын талаптарына ылайык макала даярдоо, изилдөөнүн жыйынтыктарын академиялык форматта сунуштоо жана илимий коммуникация жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, чет өлкөлүк окумуштуулар менен биргеликте эл аралык илимий долбоорлорду даярдоо жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү, илимий гранттарга катышуу, биргелешкен илимий иш-чараларды уюштуруу жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери каралууда. Өткөрүлүп жаткан илимий-академиялык иш-чаралар Ош мамлекеттик университетинин эл аралык илимий байланыштарын кеңейтүүгө, чет өлкөлүк университеттер жана илимий борборлор менен туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен изилдөөлөрдүн жаңы багыттарын түзүүгө жана университеттин илимий потенциалын эл аралык илимий мейкиндикте кеңейтүүгө багытталган. КМИГД кафедрасы үчүн бул жолугушуулар колдонмо математика, информатика жана маалыматтык технологиялар багыттарындагы илимий изилдөөлөрдү эл аралык деңгээлде өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы илимий өнөктөштүктөрдү калыптандыруу үчүн маанилүү академиялык аянтча болуп саналат.