2026-11-06 09:02:47 18
Ош мамлекеттик университетинин Математиканы, информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору Келдибекова Аида Осконовна 13–21-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарында өткөн эл аралык билим берүү курсуна катышты. «AI технологиялары жана санариптик билим берүү индустриясында өз ара аракеттенүүнү жолго коюу аркылуу билим берүү чөйрөсүндөгү Борбордук Азия лидерлигин жогорулатуу программасы» Түндүк-Батыш педагогикалык университети тарабынан Ганьсу провинциясынын Элдик өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган. Программанын алкагында А.О. Келдибекова: Түндүк-Батыш педагогикалык университетинин Математика жана статистика институтунун жетекчилиги менен жолугушту; студенттер жана магистранттар менен пикир алышты; жасалма интеллект жана санариптик билим берүү боюнча тажрыйба алмашты; жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыктын келечегин талкуулады. Иш-чаранын соңунда окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат тапшырылды. Бул сыяктуу эл аралык программалар ОшМУнун дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги өнөктөштүгүн кеңейтүүгө, жаңы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана заманбап AI технологияларын билим берүү процессине киргизүүгө өбөлгө түзөт.