Партнеры

МФТИТ институтунда студенттер менен директордун жолугушуусу өттү

2026-11-06 09:16:30 17

Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда студенттик агымдардын старосталары жана активдери менен институттун директору, ф.-м.и.к., доцент Бектур Азимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу ачык жана жакшы маанайда өтүп, студенттерге окуу процессине байланыштуу маанилүү маалыматтар берилди. Электрондук журнал Катталуу процесси Модулдук система Экзамендер Санариптик платформалар Студенттик мобилдүүлүк жана башка маанилүү маселелер Ошондой эле институттун дирекция мүчөлөрү тааныштырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кызыктуу суроо-жооп форматында пикир алышуу болду. Студенттер менен ачык диалог сапаттуу билим берүүнүн маанилүү бөлүгү!