2026-11-06 09:46:53 20
Урматтуу агай-эжейлердин эмгегин даңазалоо, аларга болгон сый-урматты билдирүү максатында МФТИТ институтунун МИОТ ББМ кафедрасы тарабынан Мугалимдер күнүнө карата өзгөчө маанайдагы майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдерге арналган жылуу каалоо-тилектер айтылып, ыр-бийлер тартууланып, кызыктуу концерттик программа менен коштолду. Бардык агай-эжейлерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, шакирттериңиздердин ийгилиги сиздерге сыймык тартууласын!