2026-11-06 10:13:35 23
2026-жылдын 6–16-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда академиялык кызматташтык алкагында иш сапары менен К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университетинин физика-математика факультетинин математика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Иманчиев Аскарбек Ермекович болду. Иш сапардын алкагында институттун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу өткөрүлүп, эки университеттин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде кызматташтыкты өнүктүрүү жана институттун келечектеги перспективалары талкууланды. Ошондой эле профессор Аскарбек Иманчиев студенттерге конок лекцияларын жана практикалык сабактарды өтүп, өзүнүн илимий тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү. Мындай академиялык жолугушуулар жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, илимий байланыштарды бекемдөөгө жана окутуучулар менен студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот. Эл аралык жана университеттер аралык кызматташтык сапаттуу билимдин жана илимий өнүгүүнүн маанилүү багыты!